КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ КАРАТА РЕГЛАМЕНТ .KG зонасында домендерди каттоодон өткөрүү боюнча

КОЛДОНУЛУУЧУ ТЕРМИНДЕР:

ДОМЕН – Internet түйүнүндөгү иерархиялык аттардын мейкиндик тармагы, ал домен аттарынын серверлер (DNS) топтому менен тейленет жана борборлоштурулуп башкарылат. Домен домендин аты менен идентификацияланат. .KG – ISO-3166 эл аралык стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын эки сандуу коду.

KG домени – «KG ISO-3166 эл аралык стандартына ылайык KG» домен аты менен жогорку деңгээлдеги домен. Экинчи деңгээлдеги домендик аттарды каттоодон өткөрүү KG доменинде ушул Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

.KG домендик зонасынын Администратору – жергиликтүү жана дүйнөлүк интернет-коомчулуктун кызыкчылыктарында .KG доменин башкарууну жүзөгө ашыра турган жана .KG доменинин Реестринин иштеп турушун уюштура турган ыйгарым укуктуу орган.

Доменди каттоодон өткөрүү – домен тууралуу жана домендик аттын Администратору тууралуу маалыматты доменди пайдалануунун уникалдуулугун камсыздоо максатында Реестрге киргизүү. Доменди каттоо боюнча кызмат көрсөтүү маалыматты Реестрге киргизген учурдан тартып көрсөтүлгөн болуп саналат. Доменди каттоодон өткөртүү доменди каттоо күнүнөн тартып эсептелип 365 календардык күн ичинде аракетте болот.

Доменди делегирлөө – доменди .KG зонасында эсептик мезгилге карата домен жана ага тиешелүү болуучу, домендик аттын Администратору тарабынан көрсөтүлгөн, домендин Internet эл аралык системанын алкактарындагы иштеп турушун камсыздай турган домендик аттардын серверлери (DNS) жөнүндө Реестрге .KG маалыматын киргизүү менен пайдалануу укугун берүү.

Реестр – .KG доменинин каттоодон өткөрүлгөн домендик аттар жөнүндө маалыматты камтыган домендин маалыматтар базасынын борборлоштурулган жыйнагы.

Домендик аттын администратору – домендик ат анын атына каттоодон өткөрүлгөн адам. Домендик аттын администратору домендик атты тандагандыгы үчүн, домендик атты тандоого жана пайдаланууга байланышкан үчүнчү жактардын укуктарынын бузулушунун мүмкүн болушу үчүн жоопкерчилик алып жүрөт, ошондой эле ушул тартип бузууларга байланыштуу чыгашалар тобокелдигин алып жүрөт.

Эсепке алуу мезгили – 365 календардык күнгө теңдеш, анын маалында домен тууралуу маалыматты Реестрде сактоо камсыздала турган мөөнөт.

Доменди кайра каттоодон өткөрүү – эсепке алуу мезгили аяктагандан кийин домен боюнча маалыматты тактоо. Доменди кайра каттоодон өткөрүү домендин кезектеги эсепке алуу мезгилине карата делегирленүүсүн узартууну камсыздайт.

Доменди кайра делегирлөө – доменди башкарууга карата укуктарды башка домендик аттын Администраторуна өткөрүп берүү боюнча уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралар.

Доменди техникалык жактан колдоп туруу – домендин иштеп турушун камсыздоо боюнча техникалык иш-чаралар (домен аттарынын серверлеринин иштөөгө жөндөмдүүлүгү, домендин нормалдуу иштеп турушун камсыздоо үчүн зарыл болгон маалыматты өз маалында берүү).

1. .KG ЗОНАСЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. .KG домендик зонасын башкарууну «АЗИЯИНФО» ЖЧКсы жүзөгө ашырат. .KG домендик зонасын башкарууга карата укук Интернеттеги Аттарды жана Номерлерди Каттоодон өткөрүү боюнча Эл аралык Корпорацияга (ICANN) делегирленген.

1.2. Доменди/домендерди каттоодон өткөрүү Интернетте www.cctld.kg, www.domain.kg, дареги боюнча Каттоо формасы аркылуу, же болбосо, .KG домендик зонасынын Администраторунун кеңсесинде келишим түзүп ага кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

1.3. .KG зонасындагы каттоодон өткөрүлгөн аттар тууралуу бардык маалыматтарды колдоп туруу Реестре Интернетке www.whois.kg жана www.domain.kg дареги боюнча кирүү уруксаты менен жүзөгө ашырылат.

1.4. Доменди каттоодон өткөрүү учурунда, домендик аттын Администратору каалагандай үчүнчү жактардын укуктарын бузбай тургандыгын жана башка ыкмалар менен аларды чектебей тургандыгын тастыктайт. Соода маркасына, атына, автордук жана башка укуктарга карата үчүнчү жактардын укуктарынын мүмкүн болгон бузулгандыгы үчүн, ушуга теңдеш эле башка уюмдардын аталыштарын пайдаланган учурда пайда боло турган чыр-чатак кырдаалдары үчүн сыяктуу эле жоопкерчиликти домендик аттын Администратору алып жүрөт.

1.5. Реестрде көрсөтүлгөн бардык контактта болуучу адамдар, алар тараптан Каттоо формасында көрсөтүлгөн электрондук почта боюнча жеткиликтүү болууга тийиш болушат. Электрондук почта боюнча контактта болуучу адамдар жеткиликсиз болгон учурда, .KG домендик аттын Администратору алар тараптан маалыматтык билдирүүлөрдү албагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.6. Эгерде домендик аттын Администратору тарабынан доменди/домендерди каттоодон өткөрүү учурунда толук эмес же анык эмес маалыматтар берилген учурда, ошондой эле ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө акы төлөө жүргүзүлбөгөн учурда, каттоо жараксыз болуп эсептелет.

1.7. Домен жана домендик атты Башкаруу укугу сатып алуу-сатуу объектилери болуп эсептелишпейт.

2. .KG ЗОНАСЫНДАНЫ ДОМЕНДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ УЧУРУНДАГЫ ИШ-АРАКЕТТЕР ТАРТИБИ

2.1. Доменди каттоодон өткөрүү үчүн Интернеттеги Каттоо формасы аркылуу домендик аттын Администратору жөнүндө www.cctld.kg, дареги боюнча маалымат киргизүү, же болбосо .KG домендик зонанын Администраторунун кеңсесинде келишим түзүү зарыл болот.

2.2. Домендик аттын Администратору акы төлөөнү ушул Регламенттин 7-бөлүмүнө жана аракеттеги тарифтерге ылайык жүргүзөт. Доменди каттоодон өткөрүүгө акы төлөө Реестрде каттоодон өткөрүлгөн домен жөнүндө маалыматты акы төлөнүп коюлган эсептик мезгил ичинде сактап турууну камсыздайт.

2.3. Доменди/домендерди биринчи жолку каттоодон өткөрүү учурунда, алардын уникалдуулугу текшерилет, андан кийин домендик ат Реестрде каттоодон өткөрүлөт.

2.4. Доменди/домендерди кайра каттоодон өткөрүү үчүн акы төлөө каттоодон өткөрүлгөн домен/домендер тууралуу маалыматты кийинки төлөнүп коюлган эсептик мезгилге карата сактоону камсыздайт.

2.5. Доменди/домендерди каттоодон өткөрүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылбайт:

  • Домендик ат/домендик аттар мурда катталган болсо;

  • Домендик ат/домендик аттар ушул Регламенттин 3.4. п. дал келишпей турган болсо.

3. ДОМЕНДИ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ЖАНА ДЕЛЕГИРЛӨӨ ШАРТТАРЫ

3.1. Доменди каттоодон өткөрүү үчүн келишим түзүү, каттоодон өткөрүүгө карата заказды жөнөтүү жана төлөө керек болот. Заказ кабыл алынган жана акча каражаттары эсепке келип түшкөн учурларда, .KG Домендик зонасынын Администратору:

  • домендик атты Реестрде каттоодон өткөрөт.

  • домендик аттын Администратору тарабынан анын атынан .KG Домендик зонасынын Администратору менен келишим түзүлгөн жана заказ жөнөтүлгөн адамды көрсөтөт.

  • Келишимди жеке адам сыяктуу эле, юридикалык жак дагы (уюм) түзө алат.

  • Доменди каттоодон өткөрүү жөнүндө билдирүүнү келишимде көрсөтүлгөн административдик e-mailге жөнөтөт.

3.2. Доменди каттоодон өткөрүү жана делегирлөө домендик аттардын делегирленүүчү доменди колдоп тура турган жок дегенде эки серверлери (рrimary жана secondary DNS) бар болгон учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн болот. Мында, жок дегенде эле, алардын ичинен экөө ар башка IP-түйүндөрдө жайгашкан болууга тийиш (салттуу терминологиядагы С классынын ар түрдүү түйүндөрүндө) жана Internetке карата ишенимдүү туташтыруусу бар болушу керек. «Ишенимдүү туташтыруу» алдында сутка ичинде сервер менен байланыштын жок болушунун суммаланган убактысы эки сааттан ашпаган туташтыруу түшүнүлөт.

3.3. Домен аттарынын серверлерине тиешелүү болгон маалымат, түйүндүн утурумдук абалына шайкеш келүүгө тийиш.

3.4. Домендин аталышы бир символдон көбүрөктөн туруп, латын алфавитинин тамгасы же сан менен башталып жана аяктоого тийиш. Орто аралык символдор болуп тамгалар, сандар же дефис эсептелиши мүмкүн.

Домендик ат дефис менен башталып же аякташы, жалгыз дефистен турушу, ошондой эле 2 же андан көп дефистен катар турушу мүмкүн эмес.

3.5. .KG домендик зонанын Администратору доменди делегирлөөнү төмөнкү учурларда:

  • Домендик аттын Администраторунун расмий катынын негизинде;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде;

  • домендин техникалык колдоо кызматынын арызынын негизинде, эгерде, колдоо көрсөтүүчү домен аттарынын серверлери (Name Server 1 жана Name Server 2 талаасы) тууралуу маалыматты өзгөрткөндөн кийин ушул Регламенттин 3.2. -п шарттары аткарылбай жатса токтоосуз түрдө токтотуп коюуга укугу бар.

3.6. Ушул Регламенттин 3.2, 3.3 п.п. аткарылбаган шарттарда, .KG домендик зонанын Администратору доменди делегирлөөнү тартип бузуу четтетилгенге чейин токтотуу укугуна ээ болот, мында токтотулуп коюлган мезгил үчүн төлөнгөн акы кайтарылып берилбейт, эсептик мезгилдин башталган күнү өзгөртүлбөйт.

3.7. Юридикалык жак же жеке адам тууралуу Реестрде камтылган маалымат чындыкка шайкеш келбей калса (өзгөртүлгөн болсо), ал домендик аттын Администратору тарабынан ал өзгөртүлгөн мезгилден тартып бир айдан ашык эмес убакыт ичинде жаңыртылган болууга тийиш.

3.8. Юридикалык жак же жеке адам тууралуу .KG зонасынын Реестриндеги малымат факт жүзүндөгү абалына шайкеш келбеген учурда, атап айтканда:

  • уюмдун жараксыз юридикалык дареги

  • жеке адамдын же уюмдун жараксыз туура эмес почта дареги

  • уюмдун жараксыз туура эмес аталышы

  • жараксыз фамилиясы, аты, атасынын аты

Домен/домендер тууралуу маалыматты албагандыгы үчүн жоопкерчиликти (эсептик мезгилдин аяктоосу, делегирлөө шарттарынын өзгөрүүсү сыяктуулары) домендик аттын Администратору алып жүрөт.

3.9. Домендик аттын Администратору соода маркасына, автордук укукка карата укуктарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, .KG домендик зонанын Администратору доменди делегирлөө укугун маалыматты тактаганга же соттун чечимин аткаруу үчүн аны бошотконго чейин же башка жагдайлар боюнча токтотуп туруу укугуна ээ. Домендик аттын Администратору тарабынан үчүнчү жактардын укуктары же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда доменди каттоодон өткөрүү же кайра каттоодон өткөргөндүгү үчүн акы кайтарылып берилбейт.

3.10. Реестрде камтылган маалыматтын тууралыгын документалдык тастыктоо зарыл болгон учурларда, .KG домендик зонанын Администраторунун суроо-талабы боюнча, юридикалык жак же жеке адам биринчи жолку суроо-талап жөнөтүлгөн учурдан тартып бир айдын ичинде маалыматтын тууралыгын документалдык тастыктоону берүүгө милдеттүү болот. .KG домендик зонанын Администратору тарабынан суроо-талаптар домендик аттын Администраторунун Реестрде камтылган контакт даректерине электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

3.11. Регламенттин 1.5, 3.7, 3.8, 3.9 пункттары аткарылбаган учурларда .KG домендик зонанын Администратору аларда юридикалык жакка же жеке адамга карата шилтемелер бар болгон домен/домендерди делегирлөөнү токтотуу укугуна ээ, алар тууралуу маалымат туура эмес болсо же тастыктоону талап кылса Доменди/домендерди делегирлөө .KG домендик зонанын Администратору тарабынан суралып жаткан маалыматты же бар болгон маалыматтын аныктыгын тастыктоону берген учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде калыбына келтирилүүгө тийиш.

Юридикалык жак же жеке адам суралып жаткан маалыматты бербесе же Реестре бар болгон маалыматтын аныктыгын .KG домендик зонанын Администратору суроосуна ылайык тастыктабай жатса, домендик ат/аттар эркин болуп саналышат. Мында домендик катты/аттарды каттоодон же карай каттоодон өткөндүгү үчүн акы төлөө кайтарылып берилбейт.

4. ДОМЕНДИ КАЙРА КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ

4.1. Доменди кайра каттоодон өткөрүү кызмат көрсөтүү үчүн 100% акы төлөнгөндөн кийин мүмкүн болот. .KG домендик зонанын Администратору домендик аттын Администратору тарабынан көрсөтүлгөн электрондук дарекке эсептик мезгил аяктаганга чейин доменди/домендерди кайра каттоодон өткөрүү тууралуу билдирүүнү жөнөтөт.

4.2. Эсептик мезгил аяктаганга чейинки 30 күн мурун кайра каттоо тууралуу билдирме алынбай калган учурда, домендик аттын Администратору эсептешүү бөлүмүнө billing@cctld.kg электрондук почтасы аркылуу же +(996)312 964488 телефону боюнча кайрылышы зарыл болот.

4.3. Домендик аттын Администратору доменди кайра каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ушул Регламенттин 7-бөлүмүнө ылайык төлөөгө милдеттүү болот.

4.4. Кайра каттоо Реестрде кезектеги акы төлөнгөн эсептик мезгилдин ичинде каттоодон өткөрүлгөн домен тууралуу маалыматты сактоону камсыздайт.

4.5. Эгерде доменди каттоодон өткөрүү домендик аттын Администратору тарабынан анын мөөнөтү аяктаганга чейин узартылган эмес болсо, доменди делегирлөө .KG домендик зонанын Администратору тарабынан токтотулат. Каттоону аны жок кылганга чейин узартышкан учурларда, доменди делегирлөө калыбына келтирилет.

4.6. Доменди каттоодон өткөрүү, эгерде анын аракетте болуусу домендик аттын Администратору тарабынан доменди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде узартылбай турган болсо, .KG домендик зонанын Администратору тарабынан жокко чыгарылат.

5. ДОМЕНДИ КАЙРАДАН ДЕЛЕГИРЛӨӨ ТАРТИБИ

5.1. Доменди башка юридикалык жакка же жеке адамга кайрадан делегирлөө ушул Регламент сакталган шарттарда домендик аттын Администраторунан келген расмий каттын негизинде жүзөгө ашырылган болууга тийиш.

Кат электрондук почта аркылуу admin@cctld.kg дарегине же +996 (312) 963434 факсы боюнча жөнөтүлгөн болушу ыктымал.

5.2. Домендик аталышты делегирлөөдө, мурда төлөнгөн эсептешүү мезгили сакталат.

6. ДОМЕНДИК АТАЛЫШТЫН АДМИНИСТРАТОРУНУН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫН КОРГОО

6.1. «Домендик аталыштын администраторунун жеке маалыматтарын коргоо» кызматы реестрде доменди каттодо көрсөтүлгөн домендик аталыштын Администраторунун жеке маалыматтарын ачык кароодон жашырууну шарттайт: PID, ФАА же уюмдун аталышы, электрондук дареги, телефону, дареги.

6.2. Кызмат көрсөтүүнүн эсепке алуу мезгили реестрде катталган домендик аталышка бир жылды түзөт.

6.3. Кызмат көрсөтүү Домендик аталыштын Администратору тарабынан жеке кабинетте өз алдынча, же .KG домендик зонасынын Администраторунун дарегине жазуу түрүндөгү арыз боюнча өчүрүлөт. “Домендик аталыштын администраторунун жеке маалыматтарын коргоо” кызмат көрсөтүүсүн Домендик аталыштын Администратору тарабынан мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда төлөм кайтарылбайт.

6.4. “Жеке маалыматтарды коргоо” кызмат көрсөтүүсү домендик аталышты каттоо мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү узартпаган учурда эсепке алуу мезгили аяктаганда автоматтык түрдө өчүрүлөт.

6.5. «Домендик аталыштын Администраторунун жеке маалыматтарын коргоо» кызмат көрсөтүүсүн активдештирүүдө реестрде домендик аталыштын ээси жөнүндө маалымат деп чагылдырылат ¬ «Private information».

6.6. .KG домендик зонасынын Администратору домендик аталышты каттоодо көрсөтүлгөн электрондук дарекке каттарды кайра даректөөнү камсыздайт.

6.7. .KG домендик зонасынын Администратору Домендик аталыштын Администраторунун жана үчүнчү жактардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн тарабы болуп саналбайт.

6.8. «Жеке маалыматтарды коргоо» кызматын пайдалануу Домендик аталыштын Администраторун реестрдин каттоо формасына туура маалыматтарды киргизүү милдетинен бошотпойт. Реестрдин каттоо формасына киргизилген туура эмес маалыматтар аныкталган учурда ушул регламенттин 3.11-пункту колдонулат.

6.9. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу компаниянын Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясатына ылайык жүргүзүлөт: www.cctld.kg/privacy-policy.

7. КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН БААСЫ ЖАНА АКЫ ТӨЛӨӨ ТАРТИБИ

7.1. Домендерди каттоо же кайра каттоодон өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тарифтерге ылайык аныкталат, (2-тиркеме) салыктар эске алынбайт.

7.2. GOV.KG, MIL.KG зоналарында домендерди каттоодон өткөрүү Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери үчүн гана жүргүзүлөт.

7.3. Юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн: акы төлөө формасы – каалагандай (которуу жолу менен же болбосо накталай түрдө).

7.4. Акча каражаттарын которуу боюнча чыгашаларды домендик аттын Администратору тартат.

7.5. .KG зонасында домендерди каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө карата билдирүүлөр домендик аттын Администраторунун контакт маалыматында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине жөнөтүлөт.

7.6. Төлөм документин домендик аттын Администратору тарабынан тариздетилген учурда төмөнкүлөр зарыл:

«Төлөмдүн багыты» графасында Кардардын персоналдык идентификаторун (PID) көрсөтүү керек, ага каражаттарды чегерүү жүргүзүлөт, же болбосо акы төлөө жүргүзүлө турган домендик ат берилет.

7.7. Ушул Регламенттин шарттарын аткарбай койгондугу үчүн жана домендик аттын Администратору үчүн кааланбай турган кесепеттер пайда болгон (домендик аттын/аттардын өчүрүлүп калышы) учурда келип чыккан кесепеттер үчүн жоопкерчиликти домендик аттын Администратору тартат.

7.8. Ката кетирилген акча каражаттын ээсине кайтарып берүү төлөм документтеринин көчүрмөсү тиркелген арыз боюнча банктык комиссияны кармап калуу менен жүргүзүлөт.

* - Домендик аттын Администратору кайсы бир салыкты төлөөдөн бошотулган учурда, ал аны тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү болот. Бул маалымат Кыргызстандын аймагында жайгашкан жактар үчүн жарактуу болот.

Суроолоруңуз барбы?
Биз менен байланышыңыз

CCTLD