Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты

"АзияИнфо" ЖЧКнын жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгууга жана коргоону камсыздоого карата саясаты (купуялуулук саясаты)

1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Саясат "АзияИнфо" ЖЧК (мындан ары "Уюм") тарабынан КР Конституциясынын 29 жана 33-беренелеринин жана № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамдын негизинде жеке жактардын (жеке маалымат субъекттеринин) жеке мүнөздөгү маалыматтарын иштеп чыгууга жана коргоону камсыздоого карата жүргүзүлөт.

1.2. Саясат Уюм тарабынан иш процессинде, анын ичинде Уюмдун кардарларынан алына турган бардык жеке маалыматтарга карата колдонулат. Уюмда жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу төмөндөгү ченемдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт:

  • 2004-жылдын 4-августундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси" КР КОДЕКСИ

  • 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзам;

  • 2014-жылдын 14-июлундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Мыйзам

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому;

  • башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын ченемдик документтери.

1.3. Саясаттын максаты өзүнүн жеке маалыматтарын берген адамдарга Уюм кандай жеке маалыматтарды жана кандай максатта иштеп чыгаарын, алардын коопсуздугун камсыздоонун кандай методдору жүзөгө ашырыла турганын баалоого шарт түзгөн керектүү маалыматты жеткирүүдө, ошондой эле Уюмда жеке мүнөздө маалыматты иштеп чыгууга жана коопсуздугун камсыздоого карата негизги принциптерди жана мамилелерди орнотууда турат.

1.4. Саясат автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдалануусуз, алардын жеке мүнөздөгү маалыматтарын иштеп чыгууда субъекттердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздайт, ошондой эле жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү болгон адамдардын жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жана коргоону жөнгө салган талаптарды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилигин белгилейт.

1.5. Пайдалануучулар Уюмга өзүнүн жеке маалыматтарын билдирип, анын ичинде үчүнчү жактардын ортомчулугунда билдирип, Уюмдун сервистерин жана кызмат көрсөтүүлөрүн, Уюмдун www.cctld.kg, веб-сайтында жайгаштырылган сервистерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу менен, ушул Саясатка ылайык жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга өзүнүн макулдугун тааныйт. Жалпысынан ушул Саясат менен макул болбогон учурда, ошондой эле ушул Саясаттын кандайдыр бир пункту менен макул болбогон учурда, Пайдалануучу Сервистерди колдонуудан алыс болушу керек.


Уюм субъекттин макулдугун алган учурдан баштап анын жеке мүнөздөгү маалыматын алат жана иштеп чыгууну баштайт. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга макулдук, эгерде мыйзам менен башкача белгиленбесе, жеке мүнөздөгү маалымат субъекти тарабынан макулдукту алуу фактысын ырастоого шарт түзгөн каалаган формада берилиши мүмкүн: жазуу жүзүндө, оозеки же колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка формада, анын ичинде жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин Уюмдун www.cctld.kg веб-сайттарында сервистерди пайдаланууда конклюденттик аракеттерди жасашы аркылуу, кайтарым байланыш формасын пайдаланууда жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өзүнө жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жөнүндө жобону камтыган жана www.cctld.kg/privacy-policy. шилтемелери боюнча жайгаштырылган оферта акцепти аркылуу. Жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу жок болгон учурда, мындай иштеп чыгуу жүргүзүлбөйт.

1.6. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга макулдук жеке маалымат субъекти тарабынан артка чакыртылып алынышы мүмкүн. Жеке мүнөздөгү маалымат субъекти жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга макулдукту артка чакыртып алган учурда оператор колдонуудагы мыйзамдарда көрсөтүлгөн негиздер болгондо жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин макулдугусуз жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну улантууга укуктуу.

1.7. Ушул Саясат Уюм тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн. Уюм каалаган убакта өзүнүн кароосу боюнча Пайдалануучуга бул тууралуу алдын ала кабарлоосуз ушул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөрдү киргизүүдө актуалдуу редакцияда акыркы жаңыртуу датасы көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы эгерде Саясаттын жаңы редакциясы менен башкача каралбаса, аны веб-серверге жайгаштырган учурдан баштап күчүнө кирет.

1.8. Ушул Саясат Уюмдун Сервистерин пайдалануунун жүрүшүндө алынган Пайдалануучу жөнүндө маалыматка карата гана колдонулат. Уюм Пайдалануучу Уюмдун расмий веб-серверинде жеткиликтүү болгон шилтемелер боюнча өткөн үчүнчү жактардын веб-сайттарынын Пайдалануучу жөнүндө маалыматты иштеп чыгуусун контролдобойт жана ал үчүн жоопкерчилик тартпайт.

1.9. Ушул саясатта колдонула турган түшүнүктөр:

Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык окшоштугу үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.
Жеке маалыматка: өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет.
Жеке маалыматтар тизмеси - бир субъект жөнүндө маалыматтар категорияларынын тизмеси.
Жеке маалыматтар массиви - маалыматты алып жүрүүчүнүн түрүнө жана аларды иштеп чыгууда колдонулган каражаттарга карабастан (архивдер, картотекалар, электрондук маалымат базалары ж.б.) аныкталбаган сандагы субъекттердин жеке маалыматтары түзүмдөлгөн жыйынды.

Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери - жалпы колдонууга арналган жана аларга жетүү кандайдыр бир мыйзам менен чектелбеген жеке маалыматтар массиви (маалымдамалар, телефон китептери, даректер китептери ж.б.).

Жеке маалыматтардын купуялуулук режими - жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгү, өткөрүп берүү, көрсөтүү жана сактоо шарттарын чектөөнү аныктаган ченемдик белгиленген эрежелер.

Жеке маалыматтар субъекти (субъект) - тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам.

Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) - ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштеп чыгууну жана пайдаланууну контролдогон, жеке маалыматтардын максатын жана категорияларын аныктоо ыйгарым укугу жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар.

Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) – жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгуунун ушул Мыйзамдын талаптарына шайкештигин камсыздоо, жеке мүнөздөгү маалымат субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоо, жеке маалыматтар массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоо, жеке маалыматтар массивин кармоочулар реестрин жүргүзүү боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жана ушул Мыйзамда каралган башка милдеттер, функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган.

Иштеп чыгуучу - жеке маалыматтын кармоочу (ээси) аныктаган, аны менен түзүлгөн келишимдин негизде жеке маалыматты иштеп чыгууну жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды алуучу - ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтар берилген жана көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар, мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке маалыматтар субъекти (субъект).

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан ошол маалыматтардын субъектинен же башка булактардан мыйзамдуу негизде жеке маалыматтарды алуу процедурасы.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгуу - жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топторго бөлүү, бөгөттөө, өчүрүү же бузуу максатында автоматташтырылган каражаттар менен же андай болбогондо жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) тапшырмасы боюнча ыкмлардан көз карандысыз аткарылган ар кандай операция же операциялар топтому.

Жеке мүнөздөгү маалыматтар субъектинин макулдугу – ушул Мыйзам менен каралган формада билдирилген, адамдын эркин, конкреттүү, шартсыз жана түшүнүү менен өз эркин билдирүүсү, ага ылайык субъект өзүнүн жеке маалыматтары менен иш жүргүзүү аркылуу байланышкан процедураларды аткарууга макулдугун бергендиги жөнүндө билдирет.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды өткөрүп берүү - ушул Мыйзамга жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды өткөрүп берүү.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды чек ара аралык өткөрүп берүү - жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жеке маалыматтарды кармоочуларга (ээлерине) өткөрүп берүү.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды актуалдаштыруу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген процедураларга ылайык жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү ыкчам киргизүү.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды бөгөттөө - жеке маалыматтарды өткөрүп берүүнү, такталышын, пайдаланышын жана жоюлушун убактылуу токтотуу.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды жок кылуу (өчүрүү же бузуу) - жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) ошол маалыматтарды калыбына келтирилбес абалга жеткирүү боюнча аракети.

Жеке мүнөздөгү маалыматтарды ээсиздендирүү - жеке маалыматтардан аларды конкреттүү адам менен окшоштурган бөлүгүн алып салуу.

Жеке мүнөздөгү маалыматтардын маалыматтык системасы –маалымат базаларында камтылган жана аларды маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын иштеп чыгуусун камсыздаган жеке мүнөздөгү маалыматтардын жыйындысы.

2. Жеке маалыматтар түшүнүгү жана курамы

2.1. Ушул Саясаттын максаттарында жеке маалымат деген белгилүү жеке адамга (жеке мүнөздөгү маалымат субъектине) түз же кыйыр тиешелүү болгон бардык маалыматты түшүндүрөт.

2.2. Жеке маалыматтар субъектине жараша, Уюм өз ишин жүргүзүү үчүн жана өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн субъекттердин төмөндөгү категорияларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгышы мүмкүн:

  • Уюмдун кызматкеринин жеке мүнөздөгү маалыматы, ишке талапкердин – эмгек мамилелерине байланыштуу жана конкреттүү кызматкерге тиешелүү Уюмга керектүү маалымат;

  • Кардардын маалыматтары – Кардар менен келишимдик мамилелеринин алкагындагы өз милдеттенмелерин аткарышы үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн Уюмга керектүү маалымат. Бул жерге потенциалдуу кардарлар, кардарларды өкүлдөөгө ыйгарым укуктуу кардарлардын өкүлдөрү; Уюмдун кардарлары болуп саналган юридикалык жактардын жетекчилери жана башкы бухгалтерлери, Уюм менен Уюмдун кызмат көрсөтүүсүнө жарандык-укуктук келишимдерди түзгөн жактар; Уюмдун өнөктөштөрүнүн жана Уюм менен келишимдик мамилелерге ээ болгон, Уюмдун кызматкерлери өз ишинин алкагында өз ара аракеттенген башка юридикалык жактардын кызматкерлери берген маалыматтар дагы кирет;

  • www.cctld.kg жана domain.kg веб-сайтына катталууда, анын ичинде Кардар Тапшырыктарды жүргүзүүдө, ошондой эле www.cctld.kg жана domain.kg веб-сайтында жайгаштырылган сервистерди, байланыш формаларын пайдаланууда берилген Кардардын жеке маалыматтары;

  • Уюмдун алардын жеке мүнөздөгү маалыматтарын иштеп чыгуусуна макулдугун билдирген башка жеке жактардын же жеке мүнөздөгү маалыматын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган максаттарга жетүү үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен хостинг-провайдерге жана домендик аталыштарды каттоочуга жүктөлгөн функцияларды, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу жана аткаруу үчүн керек болгон жеке жактардын жеке маалыматтары;

  • алар тарабынан жалпыга жеткиликтүү кылынган, ал эми алардын иштеп чыгуу алардын укуктарын бузбаган жана жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келген жеке жактардын жеке маалыматтары.

2.3. 2.2-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын тизмесине кирген жеке маалымат субъекти, уюмдун кардары төмөндөгү жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берет: фамилиясы, аты, атасынын аты; туулган күнү; почта даректери (катталган орду боюнча жана байланышуу үчүн); тапшырыкчынын инсандыгын күбөлөндүргөн негизги документтин номери, аталган документти берүү датасы жана аны берген орган жөнүндө маалымат; телефон номерлери; факс номерлери; электрондук почта даректери (E-mail).

3. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу негиздери жана максаттары

3.1. Уюм өз ишин жүргүзүү үчүн, анын ичинде Кардарларга кызмат көрсөтүү үчүн жеке маалыматтарды иштеп чыгат. Уюм укуктуу:

  • № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамга жана КР башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Уюмдун Уставына жана ченемдик актыларына ылайык, Уюмга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууга;

  • Уюм кызмат көрсөтүү, макулдашууларды жана келишимдерди аткаруу, Кардардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн керектүү Кардардын жеке маалыматтарын чогултат жана сактайт.

3.2. Уюм төмөндөгү шарттардын жок дегенде бирөө болгондо гана жеке маалыматтарды иштеп чыгат:

  • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу менен жүргүзүлөт;

  • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн, КР мыйзамдары менен операторго жүктөлгөн функцияларды, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу жана аткаруу үчүн керек;

  • жеке мүнөздөгү маалымат иштеп чыгуу жеке маалыматтар субъекти анын тарабы же ал боюнча пайда алуучу же кепил болуп саналган келишимди аткаруу үчүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин демилгеси боюнча келишим же ал боюнча жеке мүнөздөгү маалымат субъекти пайда алуучу же кепил болуп саналган келишим түзүү үчүн керек;

  • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу Компаниянын же үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн же жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин укуктары жана эркиндиктери бузулбаган шартта коомдук маанилүү максаттарга жетүү үчүн керек;

  • жеке мүнөздөгү маалымат субъекти тарабынан же анын өтүнүчү боюнча чектелбеген адамдар чөйрөсүнө жетүү мүмкүндүгү берилген жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жүргүзүлөт;

  • мыйзамга ылайык жарыялоого же милдеттүү ачыктоого жаткан жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат.

3.3. Уюм жана жеке мүнөздөгү маалыматка жетүү мүмкүндүгүн алган башка жактар эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин макулдугу жок жеке мүнөздөгү маалыматты үчүнчү жактарга ачыктабоого жана жайылтпоого милдеттүү.

3.4. Уюм жеке мүнөздөгү маалымат субъекттеринин жеке мүнөздөгү маалыматын төмөндөгү максаттарда иштеп чыгышы мүмкүн:

  • жеке мүнөздөгү маалымат субъектин идентификациялоо үчүн;

  • домендик аталышты каттоо жана тейлөө мүмкүнчүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн;

  • зарыл болгон учурда жеке мүнөздөгү маалымат субъекти менен байланышуу, анын ичинде кызмат көрсөтүү менен байланыштуу, ошондой эле байлапышпаган сунуштарды, кабарлоолорду, маалымат жана суроо-талапты жөнөтүү, ошондой эле Кардардын арыздарын, суроо-талаптарын жана өтүнмөлөрүн иштеп чыгуу үчүн;

  • Уюм көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу.

3.5. Расалык, улуттук тегине, саясый көз караштарына, диний же философиялык ишенимдерине, интимдик жашоосуна тиешелүү жеке маалыматтардын атайын категорияларын иштеп чыгуу Уюм тарабынан жүзөгө ашырылбайт.

3.6. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуунун укуктук негиздери төмөндөгү укуктук актылар болуп саналат:

  • 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 31 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Мыйзам;

  • 2017-жылдын 19-июлундагы № 127 "Электрондук башкаруу жөнүндө" Мыйзам;

  • Уюмдун Уставдык документтери;

  • Уюмдун лицензияларына ылайык Уюмдун жана Кардарлардын ортосунда түзүлгөн келишимдер;

  • КРда провайдерлердин, ошондой эле домендик аталыштарды каттоочунун ишин жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана уюмдар кабыл алган башка актылар.

4. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу принциптери

4.1. Уюмдун жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуусу төмөндөгү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

  • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу максаттарынын жана жолдорунун мыйзамдуулугу;

  • жеке мүнөздөгү маалымат оператору катары Уюмдун ак ниеттүүлүгү, бул жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу аркылуу жетишилет;

  • иштелип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматтын курамынын жана көлөмүнүн, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жолдорунун билдирилген иштеп чыгуу максаттарына шайкештиги;

  • билдирилген аларды иштеп чыгуу максаттарына карата жеке мүнөздөгү маалыматтын тактыгы жана жетиштүүлүгү, ал эми зарыл учурларда актуалдуулугу;

  • иштеп чыгуу максаттарына жеткенде аларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жол менен жеке мүнөздөгү маалымат жок кылуу;

  • өз ара сыйышпаган максаттарга иштелип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган маалыматтар базаларын бириктирүүгө жол берилбестик.

4.2. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга уруксат берилген Уюмдун кызматкерлери милдеттүү:

  • жоболорду билүүгө жана милдеттүү түрдө аткарууга:

    • жеке мүнөздөгү маалымат жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Саясатты;

    • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жана коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча Уюмдун локалдуу актыларын;

  • өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун алкагында гана жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга;

  • Уюмда иштелип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматты жарыялабоого;

  • ушул Саясаттын жоболорун бузууга алып келиши мүмкүн болгон башка жактардын иш-аракеттери жөнүндө билдирүүгө;

  • ушул Саясаттын талаптарын бузуу фактыларын тууралуу Уюмда жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну уюштуруу үчүн Жооптуу адамга билдирүүгө.

4.3. Уюмда жеке мүнөздөгү маалыматтын коопсуздугу жеке мүнөздөгү маалыматтын коопсуздугу коркунучтарынын алдын алууга (нейтралдаштырууга) жана жоюуга, мүмкүн болуучу зыянды минималдаштырууга багытталган, макулдашылган иш-чараларды аткаруу менен камсыздалат.

5. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мөөнөтү

5.1. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу мөөнөтү Уюмдун маалыматтык системаларында иштеп чыгуу максаттарына жараша, жеке маалыматтар субъекти менен келишимдин, макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнө ылайык аныкталат.

5.2. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну токтотуу шарты Уюмдун жана жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу максаттарына жетүү, жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугунун колдонуу мөөнөтүнүн аякташы же макулдукту артка чакыртып алышы, ошондой эле жеке маалыматтарды укук ченемсиз иштеп чыгууну аныктоо болуп саналат.

6. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга уруксат берилген адамдар чөйрөсү

6.1. Ушул Саясаттын 3-беренесинин максаттарына жетүү үчүн алардын кызматтык (эмгек) милдеттерине ылайык мындай милдет жүктөлгөн Уюмдун кызматкерлерине гана жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууга уруксат берилген. Башка кызматкерлердин жетүү мүмкүндүгү мыйзамда каралган учурларда гана берилиши мүмкүн. Уюм өз кызматкерлеринен жеке маалыматтарды иштеп чыгууда анын купуялуулугуна сактоону жана коопсуздугун камсыздоону талап кылат.

6.2. Уюм төмөндөгү учурларда жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу:

  • Жеке мүнөздөгү маалымат субъекти мындай аракеттерге өзүнүн макулдугун ачык билдирсе;

  • Берүү мыйзамда белгиленген процедуралардын алкагында улуттук же башка колдонуудагы мыйзамдар менен каралса.

Мында алуучуга ал алган маалыматтарга карата колдонууда ушул Саясаттын шарттарын сактоо боюнча бардык милдеттенмелер өтөт.

6.3. Ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү суроо-талабы боюнча жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык субъекттин жеке маалыматтары анын макулдугусуз берилет:

  • адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга байланыштуу сот органдарына;

  • ички иштер органдарына, УКМКга, прокуратурага;

  • колдонуудагы мыйзамдар жана колдонулган укук ченемдери менен ыйгарым укук берилген башка органдарга жана оператордун аткарышы үчүн милдеттүү болгон ченемдик-укуктук актыларда белгиленген учурларда уюмдарга.


7. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу тартиби жана методдору

7.1. Кызмат көрсөтүү процессинде, ички чарбалык ишти жүргүзүүдө Уюм жеке мүнөздөгү маалымат автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган иштеп чыгууну пайдаланат.

7.2. Уюм эгерде КР мыйзамдарында башкача каралбаса, бул жактын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамда каралган жеке маалыматтарды иштеп чыгуу принциптерин жана эрежелерин сактоосу милдеттүү шарт болуп саналган, бул жак менен түзүлгөн келишимдин негизинде, жеке маалыматтар субъектинин макулдугу менен жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну башка жакка тапшырууга укуктуу.

7.3. Жеке маалыматтар эгерде КР мыйзамдарында башкача каралбаса, жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин макулдугу жок үчүнчү жактарга ачыкталбайт жана башкача жол менен жайылтылбайт.

7.4. Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү (анын ичинде контролдоочу, көзөмөлдөөчү, укук коргоочу жана башка органдар) КР мыйзамдарында белгиленген көлөмдө жана тартипте Уюмда иштелип чыккан жеке мүнөздөгү маалыматка жетүү мүмкүндүгүн алышат.

7.5. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуунун алкагында жеке мүнөздөгү маалымат субъекти жана Уюм үчүн төмөндөгү укуктар аныкталган.

7.5.1. Жеке мүнөздөгү маалымат субъекти укуктуу:

  • жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, формада жана мөөнөттө анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга тиешелүү маалыматты алууга;

  • эгерде жеке мүнөздөгү маалымат толук эмес, эскирген, туура эмес, мыйзамсыз алынган болсо, билдирилген иштеп чыгуу максаты үчүн зарыл болбосо же мурда жеке мүнөздөгү маалымат субъекти жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук бергенде билдирилбеген максаттарда пайдаланылса, өзүнүн жеке мүнөздөгү маалыматын тактоону, аны бөгөттөөнү же жок кылууну талап кылууга;

  • Уюм менен кардардын жеке мүнөздөгү маалыматына жетүү мүмкүндүгүнүн жеке режими жөнүндө макулдашуу түзүүгө

  • өз укуктарын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүгө;

  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууга өзүнүн макулдугун артка чакыртып алууга.

7.5.2. Уюм укуктуу:

  • билдирилген максатка ылайык жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин жеке маалыматтарын иштеп чыгууга;

  • Жеке мүнөздөгү маалымат субъектинен келишимди аткаруу, кызмат көрсөтүү, жеке маалыматтар субъектин идентификациялоо үчүн керектүү, ошондой эле жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамда каралган башка учурларда ишенимдүү жеке маалыматтарды берүүнү талап кылууга;

  • эгерде жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жатса, жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин анын жеке маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн чектөөгө, жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин анын жеке маалыматтарына жетүү мүмкүндүгү үчүнчү жактардын, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган башка учурларда укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат;

  • жеке жактардын жалпы жеткиликтүү жеке маалыматтарын иштеп чыгууга;

  • КР мыйзамдарына ылайык жарыялоого же милдеттүү ачыктоого жаткан жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга;

  • Жеке маалымат субъектинин макулдугу менен жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну башка жакка тапшырууга.

7.6. жеке мүнөздөгү маалыматтын так эместиги же аларды иштеп чыгуунун укук ченемсиздиги фактысы ырасталган учурда, жеке мүнөздөгү маалымат оператор тарабынан актуалдаштырууга жатат, ал эми иштеп чыгуу токтотулушу керек.

7.7. Жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу максаттарына жеткенде, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалымат субъекти аны иштеп чыгууга макулдукту артка чакыртып алган учурда жеке мүнөздөгү маалымат жок кылууга жатат, эгерде:

  • жеке мүнөздөгү маалымат субъекти анын тарабы, ал боюнча пайда алуучу же кепил болуп саналган келишим менен башкача каралган эмес;

  • Уюмдун КР мыйзамдарында каралган негиздерде жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин макулдугу жок иштеп чыгууну жүргүзүүгө укугу жок;

  • Уюмдун жана жеке мүнөздөгү маалымат субъектинин ортосунда башка макулдашуу менен башкача каралган эмес.

7.8. Уюм жеке мүнөздөгү маалымат субъектине же анын өкүлүнө алар жүргүзө турган акыркынын суроо-талабы боюнча мындай субъекттин жеке мүнөздөгү маалыматын иштеп чыгуу жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

7.9. Уюм ошондой эле "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" мыйзамда белгиленген башка укуктарга ээ болот жана башка милдеттерди тартат.

8. Жеке маалыматтарды коргоону жүзөгө ашыруу

8.1. Уюмдун маалыматтык системаларда жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу боюнча иши Уюмдун алынган маалыматтын купуялуулугуна коргоосу менен ажыратылгыс байланышта. Уюмдун бардык кызматкерлери жеке маалыматтардын, ошондой эле эгерде бул КР колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Уюм тарабынан белгиленген башка маалыматтардын купуялуулугуна камсыздоого милдеттүү.

8.2. Уюмдун маалыматтык системаларында аны иштеп чыгууда жеке мүнөздөгү маалыматтын коопсуздугу маалыматты коргоо системасынын жардамы менен камсыздалат.

Уюм тарабынан иштелип чыгуучу жеке мүнөздөгү маалыматтын коопсуздугун камсыздоо жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдардын, ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын эске алуу менен, коммерциялык сырды түзгөн маалыматты коргоо боюнча уюштуруу-техникалык жана укуктук иш-чаралардын бирдиктүү комплекстүү системасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

8.3. Маалымат системаларында аны иштеп чыгууда жеке мүнөздөгү маалыматты алмашуу маалыматты коргоо техникалык каражаттары менен корголгон байланыш каналдары боюнча жүргүзүлөт.

8.4. Уюмдун маалымат системаларында жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгууда камсыздалат:

  • жеке мүнөздөгү маалыматка уруксатсыз жетүү мүмкүндүгүнүн жана (же) аны мындай маалыматка жетүү мүмкүндүгү укуктарына ээ болбогон жактарга берүүнүн алдын алууга багытталган иш-чараларды өткөрүү;

  • жеке мүнөздөгү маалыматка уруксатсыз жетүү мүмкүндүгү фактыларын өз убагында аныктоо;

  • жыйынтыгында алардын иштөөсү бузулушу мүмкүн болгон, жеке маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгуу каражаттарына таасир этүүлөргө жол бербөө;

  • ага уруксатсыз кирүүнүн кесепетинде модификацияланган жана жок кылынган жеке мүнөздөгү маалыматты токтоосуз калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү;

  • жеке мүнөздөгү маалыматтын корголгондук деңгээлин туруктуу контролдоо.

  • жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгууну жана коргоону уюштуруу үчүн жооптуу кызмат адамдарын дайындоо;

  • жеке мүнөздөгү маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон жактардын курамын чектөө;

  • субъекттерди жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу жана коргоо боюнча мыйзамдардын талаптары жана Уюмдун ченемдик документтери менен тааныштыруу;

  • жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган Уюмдун кызматкерлери жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө КР мыйзамдарынын талаптары, жеке мүнөздөгү маалыматты иштеп чыгуу маселелери боюнча локалдуу актылар менен тааныштырылат.

Суроолоруңуз барбы?
Биз менен байланышыңыз

CCTLD