NET.KG зонасында катталуу боюнча жаңылыктар
Урматтуу кардарлар!
2024-жылдын 15-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн .NET.KG зонасындагы домендик аттарды акысыз каттоо жана тейлөө боюнча пилоттук долбоор ишке кириши күтүлүүдө. Бул кызмат орто мектеп окуучуларына жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тиешелүү документти каттоочуга көрсөткөндө берилет.